Редакцияот 07.03.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МАЙДАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Майдан айылдык кеңешинин 9-чакырылыш IV - сессиясы

 

2025-жылдын 7-марты № 41

  Кара-Жыгач айылынын тургуну Баймурзаев Полотбек Солтоновичтин жер аянтынын багытын өзгөртүү жөнүндө

Майдан айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Жыгач айылынын тургуну Баймурзаев Полотбек Солтоновичтин мамлекеттик акт бар жалпы жераянты 2000,0 чарчы метр болгон жеке менчик жеринин ичинен 400,0 чарчы метр жер аянтынын багытын соода-сатык түрүнө котору максатында  Агрардык жана муниципалдык жерлерди жөнгө салуу боюнча комиссиянын корутундусуна ылайык, Майдан айыл аймагынын айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. Кара-Жыгач айылынын тургуну Баймурзаев Полотбек Солтоновичтин жеке менчик 2000,0 чарчы метр жер аянтынын ичинен 400,0 чарчы метр бөлүгүнүн багытын элге кызмат көрсөтүү максатындагы соода-сатык турүнө өзгөртүүгөмакулдук берилсин.
  2. Жогоруда көрсөтүлгөн 400,0 чарчы метр жер аянтын мыйзам чегинде расмий документтештирүү үчүн тиешелүү материалдар Архитектура жана шаар куруу бөлүмүнөжөнөтүлсүн.
  3. Майдан айыл өкмөтүнө ушул токтомго ылайык иш кагаздарын даярдоо жана жердин багытын өзгөртүү боюнча тиешелүү мыйзам чегиндеги иштерди жүргүзүү тапшырылсын.
  4.  Бул токтомдун аткарылышын Майдан айыл өкмөтүнүн башчысы көзөмөлгө алсын.

Төрага

А.Юлдашов