МАЙДАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Майдан айылдык кеңешинин 9-чакырылыш IV - сессиясы
2025-жылдын 7-марты № 47
Сары-Алтын айылынын тургуну Коноков Аттокур Акунбаевичтин жер аянтынын багытын өзгөртүү жөнүндө
Майдан айыл өкмөтүнө караштуу Сары-Алтын айылынын тургуну Коноков Аттокур Акунбаевичтин мамлекеттик акт бар комерциялык багытындагы жалпы жераянты 1500,0 чарчы метр жеке менчик жеринин ичинен 1200,0 чарчы метр жер аянтынын багытын турак жайга которуга макулдук берүү максатында Агрардык жана муниципалдык жерлерди жөнгө салуу боюнча комиссиянын оң корутундусуна ылайык, Майдан айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Сары-Алтын айылынын тургуну Коноков Аттокур Акунбаевичтин мамлекеттик акт бар комерциялык багытындагы жалпы жераянты 1500,0 чарчы метр болгон жеке менчик жеринин ичинен 1200,0 чарчы метр жер аянтынын багытын турак жайга которуга макулдук берилсин;
- Майдан айыл өкмөтүнө ушул токтомго ылайык иш кагаздарын даярдоо жана жердин багытын өзгөртүү боюнча тиешелүү мыйзам чегиндеги иштерди жүргүзүү тапшырылсын.
- Бул токтомдун аткарылышын Майдан айыл өкмөтүнүн башчысы көзөмөлгө алсын.
Төрага | А.Юлдашов |