Загрузка документа…
КҮНТУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Күнтуу айыл аймагынын Күнтуу айылдык Кеңешинин кезектеги 6- отуруму
2025-жылдын 23-июлу № 6/52
Жер тилкесинин категориясын которуу жөнүндө
Күнтуу айыл өкмөтүнө караштуу Маловодное айылында №164 контурунда жайгашкан, ОсОО “Сан Планет Интернешнл” жеке менчигинде турган, идентификациялык коду 7-08-13-0024-0197, аянты 1,0га, идентификациялык коду 7-08-13-0024-0198, аянты 2,75 га, бардыгы 3,75 га жер тилкесине индустриалдык-логистика борборун жана өнөр жай объектилерин куруу үчүн «Айыл чарба жерлери» категориясынан «Өнөр жай, транспорт, байланыш, энергетика, коргонуу жана башка багыттагы жерлер» категориясына которуу жөнүндө ишеним кат боюнча өкүлү Турсуналы Сейдалиевич Жаналиевдин арызын карап чыгып, 2025-жылдын 10-июлундагы Сокулук райондук мамлекеттик администрациясынын жер тилкелеринин багытын которуу боюнча райондук комиссиясынын корутундусунун негизинде, Күнтуу айылдык кеңеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Күнтуу айыл өкмөтүнө караштуу Маловодное айылында №164 контурунда жайгашкан, ОсОО “Сан Планет Интернешнл” жеке менчигинде турган, идентификациялык коду 7-08-13-0024-0197, аянты 1,0га, идентификациялык коду 7-08-13-0024-0198, аянты 2,75 га, бардыгы 3,75 га жер тилкесине индустриалдык-логистика борборун жана өнөр жай объектилерин куруу үчүн «Айыл чарба жерлери» категориясынан «Өнөр жай, транспорт, байланыш, энергетика, коргонуу жана башка багыттагы жерлер» категориясына которууга макулдук берилсин;
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Күнтуу айыл өкмөтүнүн башчысы Э.О. Сартпаевге жүктөлсүн;
3. Ушул токтомдун аткарылышын өз көзөмөлүмө калтырам.
Айылдык кенештин төрагасы |
Ж.Ж. Султанбеков |