Загрузка документа…
КҮНТУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Күнтуу айыл аймагынын Күнтуу айылдык Кеңешинин кезектеги 6- отуруму
2025-жылдын 23-июлу № 6/55
Зоналдык коэффициенти бекитүү жөнүндө
Күнтуу айыл аймагына караштуу, турак эмес имараттар, курулмалар жана жайлар, ошондой эле калктуу конуштардагы жана айыл чарба багытындагы эмес жер участоктору боюнча колдонуучу зоналдык коэффициенттер (К3) жана нарктык зоналарды бекитүү жөнүндө айыл өкмөтүнүн башчысы Э.О. Сартпаевдин маалыматын угуп Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин 388 жан 404-беренелерение ылайык Күнтуу айылдык кеңеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Күнтуу айыл аймагына караштуу, турак эмес имараттар, курулмалар жана жайлар, ошондой эле калктуу конуштардагы жана айыл чарба багытындагы эмес жер участоктору боюнча колдонуучу зоналдык К3 коэффициенти 2,0 өлчөмүндө бекитилсин;
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Күнтуу айыл өкмөтүнүн башчысы Э.О. Сартпаевге жүктөлсүн;
3. Ушул токтомдун аткарылышын өз көзөмөлүмө калтырам.
Айылдык кенештин төрагасы |
Ж.Ж. Султанбеков |