ЖИБЕК-ЖОЛУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жибек-Жолу айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз II отуруму
2024-жылдын 17-апрели № 13
Чоң-Бүлөлү айылынын 3,5 чакырым аралыктагы унаа жолун №959 жол тейлөө ишканасынын балансына өткөрүп берүү жөнүндө
Жибек-Жолу айылдык кеңеши Жибек-Жолу айыл өкмөтүнүн башчысы Ж. А. Тажибаевдин Чоң-Бүлөлү айылынын 3,5 чакырым аралыктагы унаа жолун №959 жол тейлөө ишканасынын балансына өткөрүп берүү жөнүндөгү билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Мыйзамынын 34-беренесинин 1-5-пункттарына ылайык токтом кылат:
1. Чоң-Бүлөлү айылынын 3,5 чакырым аралыктагы унаа жолу Жибек-Жолу айыл өкмөтүнүн балансынан чыгарылып №959 жол тейлөө ишканасынын балансына өткөрүлүп берилсин;
2. Тиешелүү юридикалык документтерин даярдап берүү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары кызматынын Алай филиалынан суралсын;
3. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Жибек-Жолу айыл өкмөтүнүн башчысы Ж. А. Тажибаевге тапшырылсын.
Төрага |
| Орозали уулу Таалайбек |