Загрузка документа…
КҮНТУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Күнтуу айыл аймагынын Күнтуу айылдык Кеңешинин кезектеги 6- отуруму
2025-жылдын 23-июлу № 6/58
Күнтуу айылдык кеңешинин 2024-жылдын 4-декабрындагы №2/12
токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Күнтуу айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин мыйзамдуулук, укук тартибин сактоо, жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо, регламент, депутаттык этика, жаштар, спорт, мандат, жана жалпыга маалымдоо каражаттары боюнча туруктуу комиссиясынын курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө талкуулап, Күнтуу айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Күнтуу айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары болуп Джаркынбаев Турдубек Бейшенбекович шайлангандыгына байланыштуу депутаттык этика, жаштар, спорт, мандат, жана жалпыга маалымдоо каражаттары боюнча туруктуу комиссиясынын курамынан бошотулсун;
2. Джумакадыров Арген Джолдошбекович Күнтуу айылдык кеңешинин торагасынын орун басарынан мөөнөтүнөн мурда бошотулгандыгына байланыштуу депутаттык этика, жаштар, спорт, мандат, жана жалпыга маалымдоо каражаттары боюнча туруктуу комиссиясынын мүчөсү болуп шайлансын;
3. Мыйзамдуулук, укук тартибин сактоо, жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо, регламент, депутаттык этика, жаштар, спорт, мандат, жана жалпыга маалымдоо каражаттары боюнча туруктуу комиссиясынын курамы төмөндөгүчө түзүлсүн:
- Сарбашова Нагира Анварбековна – комиссиянын төрайымы
- Боронбаев Улан Керимбаевич- комиссиянын мүчөсү
- Джумакадыров Арген Джолдошбекович- комиссиянын мүчөсү
4. Ушул токтомдун аткарылышын өз көзөмөлүмө калтырам.
Айылдык кенештин төрагасы |
Ж.Ж. Султанбеков |