Загрузка документа…
КҮНТУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Күнтуу айыл аймагынын Күнтуу айылдык Кеңешинин кезектеги 6- отуруму
2025-жылдын 23-июлу № 6/59
Чүй өнүктүрүү фондуна катышуу жөнүндө
Күнтуу айыл аймагына караштуу Күнтуу айылындагы жаңы салынган бала бакчасына ашкана жабдууларын жана керектүү инвентарь буюмдарын сатып алуу үчүн Чүй өнүктүрүү фондунун долбооруна катышуу жөнүндө айыл өкмөтүнүн башчысы Э.О. Сартпаевдин маалыматын угуп, талкуулап Күнтуу айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Күнтуу айыл аймагына караштуу Күнтуу айылындагы жаңы салынган бала бакчасына ашкана жабдууларын жана керектүү инвентарь буюмдарын сатып алуу үчүн Чүй өнүктүрүү фондунун долбооруна катышууга макулдук берилсин;
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Э.О. Сартпаевге тапшырылсын;
3. Ушул токтомдун аткарылышын өз көзөмөлүмө калтырам.
Айылдык кенештин төрагасы |
Ж.Ж. Султанбеков |