Загрузка документа…
КҮНТУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Күнтуу айыл аймагынын Күнтуу айылдык Кеңешинин кезектеги 6- отуруму
2025-жылдын 23-июлу № 6/62
Күнтуу айыл аймагындагы билим берүү мекемелеринин Уставдарын
өзгөртүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы №370 “Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” Жарлыгынын негизинде Күнтуу айыл өкмөтү жана Кызыл-Туу айыл өкмөтү ирелештирилип, Күнтуу айыл аймагы деп аталганына байланыштуу, Күнтуу айыл аймагындагы билим берүү жана мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин Уставдарына өзгөртүү киргизүү тууралуу айыл өкмөтүнүн башчысы Э.О. Сартпаевдин маалыматын угуп, талкуулап Күнтуу айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Күнтуу айыл аймагындагы билим берүү жана мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин Уставдарына өзгөртүү киргизүүгө макулдук берилсин;
2. Билим берүү жана мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин жетекчилери Уставдарын мамлекеттик каттоо органдарына кайта өткөзүүгө милдеттерилсин;
3. Бул токтомдун аткарылышынын көзөмөлү айыл өкмөтүнүн башчысы Э.О. Сартпаевге тапшырылсын;
Айылдык кенештин төрагасы |
Ж.Ж. Султанбеков |