Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКСИЗ XI СЕССИЯСЫ
(VI ЧАКЫРЫЛЫШ)
2025-жылдын 03-июлу № 52
Ош шаарындагы мектеп, балдар бакчаларындагы окуу-тарбия иштеринин сапаттарын жакшыртуу багытында Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын аткарып жаткан иштери жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары” жөнүндө мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Ош шаарындагы мектеп, балдар бакчаларындагы окуу-тарбия иштеринин сапаттарын жакшыртуу багытында аткарылып жаткан иштер жөнүндө маалыматтарды угуп жана талкуулап, Ош шаардык Кеңешинин социалдык-маданий өнүктүрүү жана жаштар саясаты маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2025-жылдын 27-майындагы №5 чечимин эске алып, Ош шаардык Кеңеши токтом кылат:
1.Ош шаарындагы мектеп, балдар бакчаларындагы окуу-тарбия иштеринин сапаттарын жакшыртуу максатында Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын аткарып жаткан иштери жөнүндө Ош шаарынын билим берүү башкармалыгынын башчысы Т.Досмуратовдун маалыматы эске алынсын.
2.Ош шаарынын мэриясына (Ж.Токторбаев):
- шаардык билим берүү башкармалыгынын ишмердүүлүгүндө билим берүү тармагына тиешелүү мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлгө алуу;
- шаардагы билим берүү мекемелеринин жетишсиздигин жоюу, шаардагы мектептердин авариялык абалдагы имараттарынын коопсуздугун, спорт аянтчаларын оңдоп-түзөө иштерин көзөмөлгө алуу милдеттендирилсин, жайкы эс алуу лагерлерин куруу сунушталсын.
3.Ош шаарынын билим берүү башкармалыгына (Т.Досмуратов):
- шаардагы мектептердин окуу-тарбия иштеринин жана тамак-ашынын сапаттуулугун камсыздоо;
- рейтингдерди аныктоо менен артта калган мектептер менен өз алдынча иш алып баруу;
-мектептерди предметтик мугалимдер менен толук камсыздоо боюнча жогорку окуу жайлар (ЖОЖ) менен тыгыз иш алып баруу;
- мугалимдерди методикалык колдонмолор, окуучуларды окуу китептер менен толук камсыздоо;
-окуучуларды олимпиадаларга, ЖРТга сапаттуу даярдоо максатында мектептерде конкреттүү иштерди аткаруу;
- Ош шаарынын мэриясынын алдындагы көп тармактуу “Үй-бүлө жана балдарга жардам берүү борбору” мекемеси менен келишим түзүп, окуучулардын арасында психологиялык жактан жардамга муктаж балдардын арасында иш алып баруу;
-Кыргыз Республикасынын мектептик билим берүүнүн 12 жылдык түзүмүн киргизүү боюнча иш-аракеттер планы боюнча иш алып баруу;
-жаш өспүрүмдөрдүн арасында кылмыштуулуктун, зомбулуктун, суициддин жана рекетчиликтин алдын алуу максатында жашы жете электер менен иштөө инспекциясы, укук коргоо, тескөө кызматтары менен биргеликте иш алып баруу;
-бюджеттен бөлүнгөн акча каражаттарын максаттуу пайдалануу, мектептердин ремонт иштеринин сапаттуулугун камсыздоо, техникалык базаларын чыңдоо боюнча өзгөчө аракеттерди көрүү милдеттендирилсин.
4.Ош облусу боюнча кызматтын иш аракетин координациялоо милдети жүктөлгөн Ош шаардык ооруларды алдын-алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборуна (Ж.Абышов) билим берүү тармактарында санитардык талаптардын жана тамак-аш коопсуздугунун сакталышын камсыздоодо мыйзам чегинде иш алып баруу милдеттендирилсин.
5.Ош шаарынын үй-бүлөлүк медицина борборлоруна (М.Халмурзаев, Р.Мамаев) шаардагы мектептерде, балдар бакчаларында ар кандай оорулардын алдын алуу максатында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү милдеттендирилсин.
6.Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитетине (Б.Абакиров) шаардагы мектептердин окуучулары спорттун түрлөрү менен машыгуулары үчүн шарттарды түзүү милдеттендирилсин.
7.“Ош-Тазалык” атайын адистештирилген муниципалдык ишканасына мектептердеги, балдар бакчаларындагы таштандыларды өз убагында алып чыгуу милдеттендирилсин.
8.Токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын жана жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.
9. Токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
10.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин социалдык-маданий өнүктүрүү жана жаштар саясаты маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (А.Тентимишова) жүктөлсүн.
Төрага: |
| Б.Т. Баетов |