Загрузка документа…
КҮНТУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Күнтуу айыл аймагынын Күнтуу айылдык Кеңешинин кезексиз 7- отуруму
2025-жылдын 15-августу № 7/63
Айыл өкмөтүнө техника алуу жөнүндө
Күнтуу айыл аймагынын Күнтуу айыл өкмөтүнө “ Мамлекеттик лизинг компаниясы” тарабынан лизингке кызматтык автоунаа “Шевролет-треккер” лизинг аркылуу алуу максатында Күнтуу айылдык кеңеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Күнтуу айыл аймагынын Күнтуу айыл өкмөтүнө « Мамлекеттик лизинг компаниясы»тарабынан лизингке кызматтык автоунаа «Шевролет-треккер» алынсын.
2. Алынган автоунааны лизингдин бүткүл мезгилине камсыздандыруусу жана лизингке алынган техниканы өз эсебинен башка чыгашалардын акча каражаты каралсын.
3. Кызматтык автоунаанын төлөмдөрү 5 жыл аралыгында төлөө жагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык айыл өкмөтүнүн бюджетинен төлөнүп берилсин.
4. «Мамлекеттик лизинг компаниясы» ачык акционердик коому менен лизинг келишимине жана келишимден келип чыгуучу башка документтерге кол коюу укугу айыл өкмөтүнүн башчысы Сартпаев Эдик Омурзаковичке жүктөлсүн.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, бюджет, экономика, коммуналдык жана муниципалдык менчик, инвестиция, жергиликтүү коомчулуктар менен иштөө, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыштарды жүргүзүү, жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн жетекчилигине тапшырылсын.
Айылдык кенештин төрагасы |
Ж.Ж. Султанбеков |