Загрузка документа…
КҮНТУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Күнтуу айыл аймагынын Күнтуу айылдык Кеңешинин кезексиз 7- отуруму
2025-жылдын 2-сентябры № 7/65
Тынчтык жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы “Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө” №54 Жарлыгынын жана “Тынчтык жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарын камсыз кылуу үчүн, Кыргыз Республикасынын Президентинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн тапшырмасын аткаруу максатында, Күнтуу айылдык кеңеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Тынчтык жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 2-пунктуна ылайык, Күнтуу айыл аймагы боюнча саат 22:00дөн таңкы 07:00гө чейин (дем алыш жана майрам күндөрү саат 09:00гө чеийн) үн басымынын жана ызы-чуунун белгиленген деңгээлинен ашууга тыюу салынсын;
2. Коомдук жайлардын иштөө режимин мыйзамга ылайык жөнгө салуучу буйруктарды кабыл алуусу айыл өкмөтүнүн башчысы Э.О. Сартпаевге тапшырылсын;
3. Күнтуу айыл өкмөтүнүн жарандарына жана субъекттерге түшүндүрүү иштери айыл өкмөтү тарабынан жүргүзүлсүн;
4. Ушул токтомдун аткарылышынын өз көзөмөлүмө калтырам.
Төрага | Ж.Ж. Султанбеков |