Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКСИЗ XI СЕССИЯСЫ
(VI ЧАКЫРЫЛЫШ)
2025-жылдын 03-июлу № 53
Ош шаарынын муниципалдык менчигиндеги мүлктөрдү пайдалануу жана тескөө, муниципалдык жер тилкелерин инвентаризациялоо боюнча Ош шаарынын мэриясы тарабынан аткарылып жаткан иштер жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Ош шаарынын мэринин орун басары З.Б.Юсуповдун Ош шаарынын муниципалдык менчигиндеги мүлктөрдү пайдалануу жана тескөө, муниципалдык жер тилкелерди инвентаризациялоо боюнча Ош шаарынын мэриясы тарабынан аткарылып жаткан иштер жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2025-жылдын 17-июнундагы №33 чечимин, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык Кеңеши токтом кылат:
1. Ош шаарынын муниципалдык менчигиндеги мүлктөрдү пайдалануу жана тескөө, муниципалдык жер тилкелерди инвентаризациялоо боюнча Ош шаарынын мэриясы тарабынан аткарылып жаткан иштер жөнүндө Ош шаарынын мэринин орун басары З.Б.Юсуповдун маалыматы эске алынсын.
2. Ош шаарынын мэриясына (Ж.Токторбаев):
– Ош шаарынын аймагындагы муниципалдык жер тилкелерин инвентаризациялоо, бирдиктүү автоматташтырылган маалыматтык системага каттоо иштерин 2025-жылдын аягына чейин бүткөрүү;
– Ош шаарынын аймагындагы күйүүчү май куючу жайлардын мыйзамдуулугун текшерүү;
– жергиликтүү бюджеттин эсебинен Ош шаарынын мэриясынын “Санарип Ош” муниципалдык ишканасы аркылуу шаар аймагындагы муниципалдык мүлктөрдүн визуалдаштырылган онлайн картасын көрсөтүүчү тиркеме иштеп чыгуу тапшырылсын.
3.Токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын жана жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.
4. Токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Бакир уулу Ш.) жүктөлсүн.
Төрага: |
| Б.Т. Баетов |