Загрузка документа…
МАЙДАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 23-майы № 59
“Z-Explorer” ЖАК компаниясынын №01/021 сандуу кайрылуусуна жооп берүү жөнүндө
"Z-Explorer" ЖАК компаниясынын №01/021 сандуу кайрылуусун карап чыгып, ошондой эле Бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция жана тышкы экономикалык байланыштар, архитектура, курулуш жана транспорт боюнча туруктуу комиссиясынын сунушуна ылайык, Кыргыз Республикасынын “Жер казынасы жөнүндө”, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” жана тиешелүү мыйзам актыларынын негизинде, Майдан айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Z-Explorer” компаниясына таандык бардык лицензиялары боюнча лицензиялык төлөмдөрдөн толугу менен мыйзам чегинде баш тартылсын.
2. Шамби-Сай алтын кенинин, лицензияларын чакыртып алуу маселеси каралсын.
3. Геология жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик агенттикке (Госгеологияга) “Z-Explorer” компаниясынын жогоруда аталган лицензияларын чакыртып алуу боюнча расмий сунуш айыл өкмөт тарабынан тиешелүү жерлерге жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Майдан айыл өкмөтүнүн башчысы Э. Абдилатовго жүктөлсүн.
Төрага | А.Юлдашов |