Загрузка документа…
МАЙДАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 23-майы № 60
Майдан айыл өкмөтүнүн №01-05/470 сандуу катына ылайык жер тилкесин максатын өзгөртүү жөнүндө
Майдан айыл өкмөтүнүн №01-05/470 сандуу каты каралып чыгып, Кыргыз Республикасынын “Жер кодекси”, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамдарынын негизинде, ошондой эле айыл тургундарынын демилгесин эске алуу менен, Майдан айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Майдан айыл аймагына караштуу Достук айылынын жаңы конуш участкасынан Ош-Баткен авто унаа жолунун чыгыш тарабынан №282-контурунда жайгашкан жалпы аянты 4,5 га “Айыл чарба багытындагы жерлери” категориясынан айдоо кайрак жер түрүнөн “Калктуу конуштардын жерлери” (Маданият, искусство чөйрөсүнүн обьектери) категориясына которууга макулдук берилсин.
2. Жогорудагы чечимге ылайык тиешелүү долбоорлоо, жер пайдалануу документтери мыйзам чегинде жүргүзүлсүн жана тиешелүү мамлекеттик органдарга катталсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жана көзөмөлдөө Майдан айыл өкмөтүнүн башчысы Э. Абдилатовго жүктөлсүн.
Төрага | А.Юлдашов |