Загрузка документа…
МАЙДАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 23-майы № 66
Айыл өкмөтүнүн аймагындагы негизги жана ички суу жүрүүчү арыктардын чектерин тактоо жөнүндө
Майдан айыл өкмөтүнүн аймагындагы негизги жана ички суу жүрүүчү арыктардын белгиленген чектерин тактоо, ирригациялык системанын иштөөсүн жөнгө салуу, суу жүрүү жолдорун тоскоолдуктардан арылтуу максатында, Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык коргонуу жөнүндө”, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамдарына жана башка тиешелүү ченемдик укуктук актыларга ылайык, Майдан айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Майдан айыл өкмөтүнүн аймагындагы суу жүрүүчү арыктардын жееги төмөнкүдөй нормативдик чектери менен белгиленсин: – Негизги суу жүрүүчү арыктар – 4 метр жол болуп ачылсын ; – Ички суу жүрүүчү арыктар – 2 метр жол болуп ачылсын. Арыктардын жээктеринде мыйзамсыз отургузулган бак-дарак, тосмолор жана башка курулуштар тазалансын жана мыйзам талаптарына ылайык чаралар көрүлсүн.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Мыйзамдуулук, укук тартиби жана жер пайдалануу маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А.Юлдашов |