Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН XI СЕССИЯСЫ
(VI ЧАКЫРЫЛЫШ)
2025-жылдын 03-июлу № 54
Ош шаарынын аймагында жайгашкан тарыхый-маданий мурас объекттеринин тизмесин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө” мыйзамынын 22-беренесин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин 2024-жылдын 31-декабрындагы №894 буйругунун негизинде, Ош шаарынын аймагында жайгашкан тарыхый-маданий мурас обьекттеринин мамлекеттик тизмесин бекитүү жөнүндө Ош шаарынын мэринин орун басары С.А.Аманованын сунушун угуп жана талкуулап, Ош шаардык Кеңешинин социалдык-маданий өнүктүрүү жана жаштар саясаты маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2025-жылдын 27-майындагы № 6 чечимин, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык Кеңеши токтом кылат:
1.Ош шаарынын аймагында жайгашкан тарыхый-маданий мурас обьекттеринин тизмесин бекитүүгө макулдук берилсин (тиркеме тиркелет).
2.Токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын жана жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.
3. Токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин социалдык-маданий өнүктүрүү жана жаштар саясаты маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына ( А.К.Тентимишова) жүктөлсүн.
Төрага: |
| Б.Т. Баетов |
|
| Ош шаардык Кеңешинин 2025 жылдын 3-июлундагы XI сессиясынын № 54 токтомуна тиркеме |
Ош шаарындагы тарыхый-маданий мурас объекттеринин тизмеси
I.Имараттар
1. Аскердик госпиталь
2. Ю.А.Гагарин атындагы орто мектеби
3. Элдердин достугу ассамблеясынын имараты
4. Балдардын ден соолугун калыбына келтирүү борбору
5. “Келечек” балдардын чыгармачылык борбору
6. С.М. Киров атындагы орто мектеби
7. “Ош строй” Акционердик коомунун имараты
8. №1 музыкалык мектеби
9. Шаардык соттун имараты
10. Кыргызтелеком имараты (Азия банкы)
11. Кыргызгипрострой имараты
12. Ош мамлекеттик университетинин башкы имараты
13. “Алай” мейманканасы
14. Рават-Абдулла-хан мечити
15. Шаардык оорукана
16. Архистратиг Михаил чиркөөсү
17. Маданият башкармалыгынын имараты
18. №1 “Жибек” бала бакчасы
19. Геологдордун үйү имараты
20. Р.Н. Ионовдун үйү
21. Ош мамлекеттик университетинин Филология факультетинин имараты
22. Ош темир жол бекети
23. Ош облустук ички иштер башкармалыгына караштуу милициянын кайгуул
күзөт кызматынын өзүнчө батальонунун имараты
24. Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын тергөө абагы (ЖАМК)
25. Асаф ибн Бурхиянын күмбөзү
26. Бабурдун үйү
27. Мухаммад Юсуф Байходжи мечити
28. Сүрөттүү таш
29. Ак-Буура шаарчасы
II. Эстеликтер
1. И.Раззаков кең көчөсүндөгү И.Раззаков сейил багындагы И.Р.Раззаковдун эстелиги
2. И.Раззаков кең көчөсүндөгү Космонавттар сейил багындагы Космонавттарга арналган эстелик
3. А.М.Масалиев кең көчөсүндөгү Каныкей сейил багындагы Каныкей эненин эстелиги
4. А. Навои эс алуу багынын кире беришиндеги А.Навоинин эстелиги
5. А. Навои көчөсүндөгү Р.Абдыкадыров атындагы облустук филармониянын жанындагы Р.Абдыкадыровдун эстелиги
6. Курманжан Датка көчөсүндөгү Курманжан Датканын эстелиги
7. Курманжан Датка көчөсүндөгү Т.Сатылганов атындагы облустук китепкананын алдындагы Т.Сатылгановдун эстелиги
8. Ленин көчөсүндөгү Ош улуттук драма театрынын аймагындагы С.И. Ибраимовдун эстелиги
9. Курманжан Датка көчөсүндөгү Ош облустук мамлекеттик администрациянын жанындагы А.Орозбековдун эстелиги
10. Ленин көчөсүндөгү Токтогул эс алуу багындагы Т.Сатылгановдун эстелиги
11. Ленин көчөсүндөгү №4 С.М.Киров атындагы орто мектептин аймагындагы С.М.Кировдун эстелиги
12. Ш.Руставели көчөсүндөгү Черемушки сквериндеги Мустафа Кемаль Ататүрктүн эстелиги
13. А.Саргалчаев көчөсүндөгү шаардык төрөт үйүнүн алдындагы “Үй-бүлө” эстелиги
14. Ленин көчөсүндөгү Балдардын ден соолугун калыбына келтирүү борборунун аймагындагы Балдардын тынчтыгы эстелиги
15. Ленин көчөсүндөгү “Мээрим” паркындагы “Мээрим” эстелиги
16. Ленин көчөсүндөгү Ош мамлекеттик университетинин аймагындагы “Элдердин достугу” эстелиги
17. Ленин көчөсүндөгү Т.Сатылганов сейил багындагы В.Голубевдин эстелиги
18. Курманжан Датка көчөсүндөгү Алымбек Датка сейил багындагы Алымбек Датканын эстелиги
19. Ы. Монуев көчөсүндөгү Ош облустук оорукана аймагында.Ы. Монуевдин эстелиги
20. Ленин көчөсүндөгү Ош улуттук драма театрынын аймагында.Молдо Нияз Эрназар уулунун бюсту
21. Ленин көчөсүндөгү Ош улуттук драма театрынын аймагындагы Ниязалы Борошевдин бюсту
22. Г.Айтиев көчөсүндөгү Г.Айтиевдин бюсту
23. Х..Абдуллаев көчөсүндөгү №19 Т.Г.Шевченко атындагы орто мектептин аймагындагы Т.Г.Шевченконун бюсту
24. Ленин көчөсүндөгү №17 Ю.А.Гагарин атындагы орто мектепте жайгашкан Ю.А.Гагариндин бюсту
25. У.Салиева көчөсүндөгү №38 Б.Алыкулов атындагы орто мектепте жайгашкан Б.Алыкуловдун бюсту
26. Б.Осмонов көчөсүндөгү №50 П.Нышанов атындагы орто мектептеги П.Нышановдун бюсту
27. А.Навои көчөсүндөгү Ленин атындагы орто мектептин аймагындагы В.И.Лениндин бюсту
28. Эс алуу үйүндөгү (Дом отдыха) А.С.Пушкиндин бюсту
29. Э.Алиев көчөсүндөгү №23 И.В. Панфилов атындагы орто мектептеги И.В.Панфиловдун бюсту
30. Н.Исанов көчөсүндөгү Ж.Бөкөнбаев атындагы орто мектептеги Ж.Бөкөнбаевдин бюсту
31. Ленин көчөсүндөгү Ленин сейил багындагы Т.Ж.Жумабаевдин бюсту
32. Ленин көчөсүндөгү Ленин сейил багындагы М.Бадыгиндин бюсту
33. Ленин көчөсүндөгү Ленин сейил багындагы Ю.А.Заднепровскийдин бюсту
34. Ленин көчөсүндөгү Ленин сейил багындагы Е.И.Пичугиндин бюсту
35. А.Асранкулов көчөсүндөгү А. Б. Асранкуловдун бюсту
36. Ленин көчөсүндөгү Ленин сейил багындагы А.Парпиевдин бюсту
37. №32 Ж.Мамытов атындагы орто мектептин аймагындагы Улуу Ата Мекендик согуштун баатырларынын бюсттары
38. Ленин көчөсүндөгү Ленин сквериндеги “Өчпөс от” мемориалдык комплекси
39. Т.Сатылганов сейил багындагы Афган согушунун катышуучуларына арналган комплекси
40. Ленин көчөсүндөгү Ленин сквериндеги Чернобыль апаатынын катышуучуларына арналган комплекси
41. Т.К.Кулатов кичи шаарчасынын айлампасындагы Барсбек каган комплекси
42. Манас-Ата кичи шаарчасынын айлампасындагы Манас комплекси
43. Ы.Монуев көчөсүндөгү облустук оорукананын жанындагы “Кыргыз көчү” монументалдык комплекси
44. Ленин көчөсүндөгү Ленин сквериндеги “Энелердин көз жашы” комплекси
45. Ленин көчөсүндөгү Ленин сквериндеги “Тынчтык коңгуроосу”
46. Ленин көчөсүндөгү ОУДТнын аймагындагы Таш үстүндөгү скульптура, 38 даана
47. Курманжан Датка көчөсүндөгү Алымбек Датка сквериндеги Таш үстүндөгү скульптура, 14 даана
48. Ош мамлекеттик университетинин башкы имаратынын алдындагы Н. Исановдун эстелиги
49. Кулатов кичи шаарчасындагы Ак Ниет сквериндеги “Элдердин достугу” стелласы
50. Ж. Раимбеков көчөсүндөгү “Полуторка” автомашинасынын эстелиги
51. Н. Исанов көчөсүндөгү Кыргыз тилинин эстелиги
52. Кызыл-Кыштак айылындагы М.Собиров мектебинин аймагындагы Муротхон Собировдун бюсту
53. Кызыл-Кыштак айылындагы Оморбек Датка мектебинин аймагындагы Оморбек Датканын бюсту
54. Жапалак айылы, Орке конушундагы Курманжан Датканын эстелиги
55. Ак-Тилек кичи шаарчасындагы Ж.Мамытов сквериндеги .Ж.Мамытовдун эстелиги
56. Орке айылындагы №34 Ч.Түлөбердиев атындагы мектебиндегиЧ.Түлөбердиев бюсту
57. Жапалак айылындагы А.Алиев атындагы орто мектепте жайгашкан А.Алиевдин эстелиги.