Загрузка документа…
МАЙДАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 23-майы № 67
Майдан кызмат көрсөтүү муниципалдык ишканасынын жетекчиси М. Исировдун кайрылуусу жөнүндө
Майдан кызмат көрсөтүү муниципалдык ишканасынын жетекчиси М. Исировдун таштанды төгүүчү жай уюштуруу боюнча кайрылуусун карап чыгып, жер тилкесин бөлүп берүүнүн зарылдыгын эске алуу менен, Кыргыз Республикасынын Жер кодексине жана тиешелүү ченемдик укуктук актыларга ылайык, Майдан айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Майдан айыл өкмөтүнүн аймагынан таштанды төгүү үчүн айыл өкмөтүнүн жогорку зонасынан 5 (беш) гектар жана ылдыйкы зонасынан 5 (беш) гектар, жалпысынан 10 (он) гектар жер тилкесин бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Жер бөлүп берүү боюнча тиешелүү документтерди даярдоо Майдан айыл өкмөтүнүн жер адистерине жүктөлсүн.
Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жана көзөмөл жүргүзүү Майдан айыл өкмөтүнүн башчысы Э. Абдилатовго жүктөлсүн.
Төрага | А.Юлдашов |