Загрузка документа…
МАЙДАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 3-июлу № 70
“Беш-Арча” ЖЧКсынын 2025-жылдын 1-июлундагы №06-/23 сандуу каты жөнүндө
“Беш-Арча” ЖЧКсынын 2025-жылдын 1-июлундагы №06-/23 сандуу катын карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, Жарандык кодексине жана тиешелүү ченемдик укуктук актыларга ылайык Майдан айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Беш-Арча” ЖЧКсына “Бел-Алма” кенинде карьер, калдыктарды таштоочу жай, АЗС, кампалар жана ремонт базасын куруу үчүн 852,2 га жер тилкесин келишимдин негизинде убактылуу пайдаланууга уруксат берилсин.
2. Компания жумушчулардын 60%ын Майдан айыл аймагынан ишке алсын жана ар бир 6 айда отчёт берсин, жылдык отчётко директор өзү катышсын.
3. Жаңы жолдун долбоору Чат айылынан өтүүчү багытта иштелип чыгып, ПСД Кеңешке сунушталгандан кийин гана курулуш башталсын.
4. Майдан айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 9-чакырылышынын кезексиз VII-сессиясында коюулган протоколдук талаптар аткарылсын.
5. Жогоруда көрсөтүлгөн талаптар аткарылбаса, бул токтом күчүн жоготот.
6. Токтом расмий сайтка жарыялансын жана Юстиция башкармалыгына каттоо үчүн жөнөтүлсүн.
7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Тоокен жана экология боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Төрага | А.Юлдашов |