Загрузка документа…
МАЙДАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 3-июлу № 72
Айрыбаз айылынын тургуну Рахманов Файзулла Галваевичтин кайрылуусу жөнүндө
Майдан айыл өкмөтүнө караштуу Айрыбаз айылынын тургуну Рахманов Файзулла Галваевичтин жазма кайрылуусу жана Тоокен жана экология маселелери боюнча туруктуу комиссиянын оң корутундусу каралып чыгып, Кыргыз Республикасынын “Жер жөнүндө” Мыйзамдарына ылайык, Майдан айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айрыбаз айылынын тургуну Рахманов Файзулла Галваевичке Кожо-Кайыр сайынын чыгыш тарабында жайгашкан 0,95 га жер аянтынан курулуш материалы катары таштарды алуу үчүн, келишимдин негизинде мыйзам чегинде пайдаланууга макулдук берилсин.
2. Ушул токтомдун негизинде тиешелүү укуктук жана техникалык документтерди даярдоо Майдан айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Майдан айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Абдилатовго жүктөлсүн.
Төрага | А.Юлдашов |