Загрузка документа…
МАЙДАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 3-июлу № 74
Майдан айыл өкмөтүнүн аймагындагы жарандарга берилүүчү токтомдордо фамилиясы, аты жана атасынын аты (отчествосу) паспортундагы маалыматтарга ылайык туура жазылышы жөнүндө
Майдан жана Марказ айыл өкмөттөрү бириккенге чейинки, тагыраагы 2003–2004-жылдары мурдагы айыл өкмөттөр тарабынан жарандарга берилген токтомдордо фамилиясы, аты жана атасынын аты (отчествосу) толук жана туура жазылбаган учурлар аныкталганын эске алып, Майдан айыл аймагынын айылдык кеңеши төмөнкүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2003–2004-жылдары Майдан жана Марказ айыл өкмөттөрү тарабынан АТРге чейин (административдик-территориялык реформадан) мурун берилген токтомдордо жарандардын фамилиясы, аты жана отчествосу туура эмес же толук эмес жазылып калган учурлар боюнча, жарандардын өздүгүн тактоочу паспортундагы жана күбөлүгүндөгү маалыматтарына таянып, оңдоо жана дал келтирүү иретинде кайрадан мыйзам чегинде токтомуна өзгөртүү киргизүүгө макулдук берилсин.
2. Тиешелүү токтомдорго мыйзам чегинде өзгөртүүлөрдү жана оңдоолорду киргизүү Майдан айыл өкмөтүнүн жер адиси Б.Хажигановго милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Майдан айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Абдилатовго жүктөлсүн.
Төрага | А.Юлдашов |