Загрузка документа…
ФРУНЗЕ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2025-жылдын 16-июну № 42
Бюджеттин киреше бөлүгүнүн кыскарышы жөнүндө
Фрунзе айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Бектурганова Д.Т. тарабынан 2025-жылдын I жарым жылдыгы боюнча бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүктөрүн кыскартуу боюнча берилген маалыматын угуп, сунушталган маалыматтарды талкуулап, Фрунзе айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бюджеттин киреше бөлүгүн төмөнкүдөй өлчөмдө кыскартуу:
- транспорт каражаттарына болгон салыктан 508,1 миң сом,
- айыл чарба жерлерине болгон салыктан 896,2 миң сом,
- жалпысы болуп 1 404,3 миң сом өлчөмүндө.
- бюджеттин чыгаша бөлүгүн 1 404,3 миң сомго тиешелүү түрдө кыскартуу.
2. Бюджеттик кредиттерди 1-тиркемеге ылайык кайра бөлүштүрүү.
3. Чыгаша бөлүгүндөгү кредиттерди 2-тиркемеге ылайык кыскартуу.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Д.Т. Бектургановага жүктөлсүн.
Төрага | Дюшалиев М.К. |