Загрузка документа…
МАЙДАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 3-июлу № 86
Айрыбаз айылынын тургуну Тургунова Динаранын кайрылуусу жөнүндө
Майдан айыл өкмөтүнө караштуу Айрыбаз айылынын тургуну Тургунова Динаранынатында катталган жер аятынын ичинен 500 чарчы метр жер участогунун багытынсоода-сатык түрүнө котору үчүн өзгөртүү өтүнүчүн карап чыгып. Кыргыз Республикасынын Жер кодексине жана башка тиешелүү мыйзамдарга ылайык каралып, жергиликтүү деңгээлде элге кызмат көрсөтүү жана ишкердикти өнүктүрүү максатын көздөп Агрардык жана муниципалдык жерлерди жөнгө салуу комиссиясынын корутундусуна негиз, Майдан айыл аймагынын айылдык Кеңеши
1. Майдан айылынын тургуну Тургунова Динаранын жеке менчик турак-жай үчүн берилген жер аянтынын ичинен 500 чарчы метр жер аянтын элге кызмат көрсөтүү максатында соода-сатык түрүнө өзгөртүүгө макулдук берилсин.
2. Жогоруда көрсөтүлгөн жер аянтын мыйзамдуу түрдө расмий документтештирүү үчүн тииштүү материалдарды Архитектура жана шаар куруу бөлүмүнө жөнөтүлсүн.
3. Майдан айыл өкмөтүнө ушул токтомго ылайык иш кагаздарын даярдоо жана багытты өзгөртүү боюнча мыйзамдуу жол-жоболорду аткаруу тапшырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын Майдан айыл өкмөтүнүн башчысыкөзөмөлгө алсын.
Төрага | А.Юлдашов |