Загрузка документа…
МАЙДАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 3-июлу № 87
Көк-Талаа айылынын тургуну Курмушиева Нурийланын кайрылуусу жөнүндө
Майдан айыл аймагына караштуу Көк-Талаа айылынын тургуну Курмушиева Нурийланын кайрылуусу каралып чыгып, Агрардык жана муниципалдык жерлерди жөнгө салуу боюнча комиссиянын оң корутундусунун негизинде, Майдан айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Талаа айылынын тургуну Курмушиева Нурийлага тиешелүү мамлекеттик актысы бар жер тилкесинин ичинен 25 (жыйырма беш) чарчы метр жер аянтына "Белайн" компаниясынын байланыш мунарасын (вышкасын) орнотууга макулдук берилсин.
2. "Белайн" компаниясы тарабынан байланыш мунарасын орнотуу үчүн кошуналардын макулдугун жазуу жүзүндө алынсын.
3. Майдан айыл өкмөтүнө ушул токтомдун негизинде тиешелүү иш кагаздарын даярдоо тапшырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын Майдан айыл өкмөтүнүн башчысы өз көзөмөлүнө алсын.
Төрага | А.Юлдашов |