Загрузка документа…
МАЙДАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 3-июлу № 88
Айрыбаз айылынын тургуну Эргешова Сейлихандын кайрылуусу жөнүндө
Майдан айыл аймагына караштуу Айрыбаз айылынын тургуну Эргешова Сейлихандын кайрылуусу каралып чыгып, Агрардык жана муниципалдык жерлерди жөнгө салуу боюнча комиссиянын оң корутундусунун негизинде, Майдан айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айрыбаз айылынын тургуну Эргешова Сейлихан 2000-жылдан бери пайдаланып келген 0,10 га жер тилкесин мыйзам чегинде менчигине мыйзамдаштырууга макулдук берилсин.
2. Майдан айыл өкмөтүнө ушул токтомдун негизинде тиешелүү иш кагаздарын даярдоо тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын Майдан айыл өкмөтүнүн башчысы өз көзөмөлүнө алсын.
Төрага | А.Юлдашов |