Загрузка документа…
ФРУНЗЕ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2025-жылдын 16-июну № 40
Жайыт жерлеринде (Суусамыр) мал жаюу боюнча жаз-жай мезгилине карата чаралар жөнүндө
2024-жылдын 23-июлундагы №04-13/152-сандуу Айыл чарба министрлигинин буйругуна жана жол кыймылынын эрежелеринин 25.4-пунктуна ылайык, малды унаа жолдору аркылуу өткөрүү тартиби белгиленген. МИ «Чалдовар-Сервис» ишканасынын директору Тунтеев М. тарабынан малдын өз алдынча жаюусунун айынан жайыттардын деградациясы жана жаз-жай мезгилинде мал жаюу боюнча элден көптөгөн даттануулар түшүп жаткандыгы тууралуу маалымат угулуп, талкууланып Фрунзе айылдык кеңешинин сессиясы.
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Малды Суусамыр, Арчалы жайкы жайыттарга чыгаруу мөөнөтү — 10-июндан кеч эмес.
2. Малды жайыттан түшүрүү мөөнөтү — 5-октябрдан эрте эмес.
3.«Чалдовар-Сервис» муниципалдык ишканасынын директоруна, Чорголо, Чолок-Арык айылдарынын айыл башчыларына калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жана белгиленген мөөнөттөрдүн сакталышын көзөмөлдөө тапшырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Фрунзе айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасына жүктөлсүн.
Төрага | Дюшалиев М.К. |