Загрузка документа…
МАЙДАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 3-июлу № 93
Айрыбаз айылынын Сарыбай участкасынын тургуну Абдукеримов Рустамбектин кайрылуусу жөнүндө
Майдан айыл өкмөтүнө караштуу Айрыбаз айылынын Сарыбай участкасынын тургуну Абдукеримов Рустамбектин кайрылуусу каралып чыгып, негиздеме жана Агрардык жана муниципалдык жерлерди жөнгө салуу боюнча комиссиянын корутундусуна таянып, Майдан айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айрыбаз айылынын Сарыбай участкасынын тургуну Абдукеримов Рустамбектин турак жай үчүн берилген 1500 (бир миң беш жүз) чарчы метр жер тилкесинин ичинен 9 (тогуз) чарчы метр жерин көмөкчү чордон үчүн жана 2 (эки) чарчы метр жер тилкесин электр мамычасын орнотуу үчүн пайдаланууга макулдук берилсин.
2. Жогоруда көрсөтүлгөн жер тилкесин мыйзам чегинде расмий документтештирүү максатында тиешелүү материалдар Архитектура жана шаар куруу бөлүмүнө жөнөтүлсүн.
3. Майдан айыл өкмөтүнө ушул токтомдун негизинде иш кагаздарын даярдоо жана жердин багытын өзгөртүү боюнча мыйзамдуу жол-жоболорду аткаруу тапшырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын Майдан айыл өкмөтүнүн башчысы өз көзөмөлүнө алсын.
Төрага | А.Юлдашов |