Загрузка документа…
ФРУНЗЕ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2025-жылдын 20-майы № 37
Жайыт жер тилкесин мал жаюудан тышкары башка максатта – туризм багытында ижарага берүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 13-сентябрындагы № 515 токтому менен бекитилген “Мал жаюуга байланыштуу болбогон башка максаттар үчүн жайыт ресурстарын пайдалануу укугун берүү тартиби жөнүндө типтүү жобого”, Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 1-ноябрындагы № 662 токтому менен киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, жана “Чалдовар Сервис” муниципалдык ишканасынын жайыттар боюнча башкы адиси Данкеева Б.Э. тарабынан Ниязалиев Турдакунга 2 (эки) гектар жайыт жерин туризм жана эс алуу максатында - боз үйлөрдү орнотуу үчүн ижарага берүү тууралуу арызы угулуп, талкууланып, Фрунзе айылдык кеңеши сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ниязалиев Турдакунга Суусамыр жайыт жеринин 181 км-183 км 2 (эки) гектар жайыт жерин мал жаюуга байланыштуу болбогон башка максатта - туризм жана эс алуу үчүн боз үй орнотуу максатында ижарага берүүгө макулдук берилсин.
2. Жердин так чектерин аныктап, тиешелүү документтерди даярдап берүү жана ижара келишимин мыйзам чегинде Чалдовар-Сервис муниципалдык ишканасы менен түзүлүшүн камсыз кылуу Чалдовар-Сервис муниципалдык ишканасынын директору М.Тунтеевге жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Фрунзе айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы А.Тубекбаевге жүктөлсүн.
Төрага | Дюшалиев М.К. |