Редакцияот 25.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖИБЕК-ЖОЛУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Жибек-Жолу айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги III отуруму

 

 

2024-жылдын 25-апрели № 20

 

Мобилдик компаниялардын Жибек-Жолу айыл өкмөтүнүн аймагындагы базалык станцияларынын ижара акысын бекитип берүү жөнүндө

 

 

Жибек-Жолу айыл өкмөтүнүн кирешелер боюнча жетектөөчү адиси А. Матиевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Жибек-Жолу айылдык кеңешинин отуруму токтом кылат:

 

1. Жибек жолу айыл аймагындагы “Терра Компони”, “Нур-Телеком” ЖЧКларынын жана «Альфа Телеком» ЖАКнын базалык станцияларынын ижара акысы ай сайын 6000 (алты миң) сомдон кем эмес өлчөмдө бекитилип берилсин;

 

2. Аталган мобилдик компаниялар менен келишим түзүп, төлөмдөрдү өз мөөнөтүндө жыйноо жагы Жибек-Жолу айыл өкмөт башчысы Ж. Тажибаевге милдеттендирилсин;

 

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.

 

 

Төрага

 

Орозали уулу Таалайбек