Загрузка документа…
МАЙДАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 3-июлу № 96
Айрыбаз айылынын тургуну Тажибаева Фарходтун кайрылуусу жөнүндө
Майдан айыл өкмөтүнө караштуу Айрыбаз айылынын тургуну Тажибаева Фарходтун атында катталган 1500 (бир миң беш жүз) чарчы метр жер тилкесинин ичинен 537 (беш жүз отуз жети) чарчы метр жер аянтын пластик эшик-терезе чыгаруу максатында пайдалануу тууралуу кайрылуусу каралып чыгып, Агрардык жана муниципалдык жерлерди жөнгө салуу боюнча комиссиянын оң корутундусуна таянып, Майдан айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айрыбаз айылынын тургуну Тажибаева Фарходтун жеке менчигиндеги 1500 чарчы метр жер тилкесинин ичинен 537 чарчы метр жерин пластик эшик-терезе чыгарууга макулдук берилсин.
2. Жогоруда көрсөтүлгөн жер тилкесин мыйзамдуу түрдө расмий документтештирүү максатында тиешелүү материалдар Архитектура жана шаар куруу бөлүмүнө жөнөтүлсүн.
3. Майдан айыл өкмөтүнө ушул токтомго ылайык иш кагаздарын даярдоо жана жер багытын өзгөртүү боюнча мыйзамдуу жол-жоболорду аткаруу тапшырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын Майдан айыл өкмөтүнүн башчысы көзөмөлгө алсын.
Төрага | А.Юлдашов |