Редакцияот 25.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖИБЕК-ЖОЛУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Жибек-Жолу айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги III отуруму

 

 

2024-жылдын 25-апрели № 21

 

Мурдаш айылынын Ак-Талаа көчөсүндөгү жарыктандыруусун баланска өткөрүү жөнүндө

 

 

Жибек-Жолу айыл өкмөтүнүн Мурдаш айылынын айыл башчысы Б. Максутбаевдин Ак-Талаа көчөсүнүн жарыктандыруусун баланска өткөрүү боюнча маалыматын угуп жана талкуулап Жибек-Жолу айылынын кеңеши токтом кылат:

1. Мурдаш айылынын Ак-Талаа көчөсүндөгү курулуп жаткан жарыктандыруусунун электр чубалгыларына акылдуу эсептегич (счетчик) коюлсун.

 

2. Тиешелүү юридикалык документтерин тактоо жагы, Алай райондук архитектура жана шаар куруу башкармалыгынан жана Алай райондук электр ишканасынан суралсын.

 

3. Аталган көчөнүн жарыктандыруусун айыл өкмөтүнүн балансасына өткөрүп берүү жагы Мурдаш айылынын айыл башчысы Б. Максутбаевге жүктөлсүн.

 

4. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Жибек-Жолу айыл өкмөтүнүн башчысы Ж. Тажибаевге көзөмөлдөө жагы мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссияга милдеттендирилсин.

 

 

Төрага

 

Орозали уулу Таалайбек