Загрузка документа…
ФРУНЗЕ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2025-жылдын 20-майы № 36
«Бишкек – Ош» автожолунун 193,4–245,4 чакырымдарындагы оңдоо иштерине байланыштуу жер участкаларын пайдаланууга макулдук берүү жөнүндө
2025-жылдын 10-мартындагы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин №146-р буйругун аткаруу алкагында, «China Road and Bridge Corporation» жол курулуш компаниясы тарабынан 2025-жылдын 16-майындагы №BIOS52-DW-2025-007 катына ылайык «Бишкек – Ош» автожолунун 193,4 - 245,4 чакырымдарында орто оңдоо иштери башталганына байланыштуу ошондой эле айыл өкмөтүнүн жер маселелери боюнча башкы адиси Ашимов Б.Дж. тарабынан берилген маалыматт угуп жана талкуулап Фрунзе айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Бишкек – Ош» автожолунун оңдоо иштеринин алкагында пайда болгон курулуш калдыктарын төгүү үчүн 216-чакырым жана 208-чакырым аймагындагы жер участокторун пайдаланууга макулдук берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышына мониторинг жүргүзүү жоопкерчилиги айылдык кеңештин туруктуу жер комиссиясына жүктөлсүн.
3. Токтомдун жалпы аткарылышын Фрунзе айыл өкмөтүнүн башчысы Ашыкеев Б.Т. көзөмөлгө алсын.
Төрага | Дюшалиев М.К. |