Редакцияот 28.05.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖИБЕК-ЖОЛУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Жибек-Жолу айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз IV отуруму

 

 

2024-жылдын 28-майы № 23

 

«Бикипинг» ЖЧКсынын 2024-жылдын 22-апрелиндеги №01 сандуу чыныш каты жөнүндө

 

 

Жибек-Жолу айыл өкмөтүнүн жер ресурстары, агрардык айыл-чарба жана өсүмдүк өстүрүү-көрктөндүрүү боюнча Д. Түгөлбаевдин «Бикипинг» ЖЧКсынын 2024-жылдын 22-апрелиндеги №01 сандуу чыгыш каты жөнүндөгү билдирүүсүн угуп жана талкуулап Жибек-Жолу айылынын кеңеши токтом кылат:

1. Жибек-Жолу айыл өкмөтүнүн башчысы Ж. Тажибаевдин 2024-жылдын 21-майындагы №131 сандуу каты менен келип түшкөн «Бикипинг» жоопкерчилиги чектелген коомунун 2024-жылдын 22-апрелиндеги №01 сандуу чыгыш каты Жибек-Жолу айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз IV отурумунда талкуулангандыгы белгиленсин;

 

2. «Бикипинг» жоопкерчилиги чектелген коомунун геологиялык чалгындоо максатында жер казынасын пайдалануу укугуна №5711 СР лицензиясына 2024-жылдын 15-февралындагы макулдашуусунун 2-пунктунда көрсөтүлгөн лицензиялык аймактын бурчтук чекиттеринин координаталары Согонду айылынын тургундарынын үлүш жерин камтып кеткендиктен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 15-декабрындагы «Жер казынасын пайдалануга жер участокторун берүү жөнүндөгү» №810 токтомдун 5-пунктунда «Жеке менчиктеги же убактылуу пайдалануудагы жер участоктору анын менчик ээси же жер укугун пайдалануучу менен жер казынасын пайдалануучунун ортосунда түзүлгөн келишим боюнча берилет»- деп көрсөтүлгөндүктөн «Бикипинг» ЖЧКсынан убактылуу пайдалануудагы жер участокторунун ээлери менен жолугушуу өткөрүү белгиленсин;

 

3. Аталган кат боюнча Согонду айылынын тургундары менен элдик жыйындарды өткөрүп, элге жайылтуу, тушүндүрүү иштерин жүргүзүү Жибек-Жолу айыл өкмөтүнүн башчысы Ж. Тажибаевге милдеттендирилсин;

 

4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмлдөөнү мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.

 

 

Төрага

 

Орозали уулу Таалайбек