Редакцияот 28.05.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖИБЕК-ЖОЛУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Жибек-Жолу айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз IV отуруму

 

 

2024-жылдын 28-майы № 24

 

2024-жылга карата айыл аймагындагы кайра бөлүштүрүү фондусунун ижарага берилип, бирок ушул жылы мөөнөтү бүткөн жерлерди аукционго коюу жана 1 га жерге болгон ижара акысын бекитип берүү жөнүндө

 

 

2024-жылга карата Жибек-Жолу айыл өкмөтүнө караштуу кайра бөлүштүрүү фондусунун жерлерин ижарага берүү үчүн аукциондун алгачкы баасын коюп берүү боюнча айыл өкмөтүнүн жер ресурстары, агрардык айыл-чарба жана өсүмдүк өстүрүү-көрктөндүрүү боюнча башкы адиси Д. Түгөлбаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын жер кодексинин 111-беренесинин 1-пунктуна ылайык жана 2022-жылдын 18-январындагы №230 Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 401, 412 беренелерине ылайык Жибек-Жолу айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:

 

1. Айыл чарба жерлерин пайдалангандыгы үчүн жер салыгынын баардык ставкалары төмөндөгү өлчөмдөгү бекитилсин:

 

Сугат айдоо жер үчүн -250сом/кв.м;

Кайракы айдоо жер үчүн -62,3 сом/кв.м;

Көп жылдык өсүмдүктөр (бак)-234 сом/ кв,м;

Чөп чабындылар үчүн-27,7 сом/кв,м.

 

2. 2024-жылга карата айыл аймагындагы кайра бөлүштүрүү фондунун ижарага берилип бирок ушул жылда мөөнөтү бүткөн жерлер аукционго келишимдин негизинде берилсин;

 

3. Жибек-Жолу айыл өкмөтүнө караштуу кайра бөлүштүрүү фондусунун жерлерин ижарага берүү үчүн баасы төмөндөгүдөй өлчөмдө белгиленсин;

 

1.Сугат айдоо жер үчүн 0,5га - 2100сом;

2.Кайракы айдоо жер үчүн 1 га -1150сом;

3.Көп жылдык өсүмдүктөр (бак) -2100сом;

4.Чөп чабынды жер үчүн -500сом.

 

4. Жер салыгы жана жана камсыздандыруу мүчөлүк акылары аукциондон утуп алгандан кийинки келишимдин негизинде көрсөтүлгөн сумманын эсебинен түзүлсүн;

 

5. Токтомдун аткарлышын көзөмөлгө алуу айылдык кеңештин Бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

 

 

Төрага

 

Орозали уулу Таалайбек