Загрузка документа…
АЙДАРКЕН ШААРДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 29-июлу № 16
Айдаркен шаардык мэриясынын 2024-жылдын 1-январынан тартып 2024-жылдын 31-декабрына чейинки мезгил аралыгындагы бюджетинин түзүлүшү жана аткарылышы боюнча Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен областтары боюнча аймактык бөлүмү тарабынан жүргүзүлгөн шайкештик аудиттин жыйынтыгы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын аймактык бөлүмү тарабынан жүргүзүлгөн шайкештик аудиттин жыйынтыгынын жазма буйругу боюнча шаардык мэриянын Финансы экономика бɵлүмүнүн сектор башчысы А.Надырбековдун маалыматын угуп жана талкуулап чыгып, Айдаркен шаардык мэриясы тарабынан кетирилген кемчилдиктерди эске алуу менен Айдаркен шаардык кеңешикезексиз 10-сессиясынын №10-протоколунун негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын аймактык бөлүмү тарабынан жүргүзүлгөн шайкештик аудиттин жыйынтыгынын жазма буйругунда аныкталган Айдаркен шаардык мэриясы тарабынан кетирилген кемчилдиктер ордуна толтурулсун, мыйзам бузууларга жол берген жооптуу кызматкерлерге мыйзам чегинде чаралар кɵрүлсүн жана мындан кийин катачылыктарга жол берилбесин.
2. Каржы жана башка бузууларды жоюу боюнча көрүлгөн чаралар тууралуу маалыматтар Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын аймактык бөлүмүнө жиберилсин.
3. Токтомду аткаруу жагы шаар мэри Т. Б. Бегалиевге жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы “Бюджет, экономика, каржы жана фискалдык саясат маселелери” жана “Мыйзамдуулук, укук коргоо, регламент, депутаттык мандат, сыйлыктарды берүү жана этика” боюнча туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
5. Токтомду каттоодон ѳткѳрүү жагы областык Юстиция башкармалыгынан суралсын.
Төрага | А.А. Алтымышова |