Загрузка документа…
АЙДАРКЕН ШААРДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 29-июлу № 17
Айдаркен шаарына муниципалдык базар ачуу үчүн райондук ɵнүктүрүү фондунан экономикалык долбоорго Финансы кредиттик фондунан насыя алууга макулдук берүү жѳнүндѳ
Айдаркен шаары үчүн муниципалдык базар ачуу долбоору жѳнүндѳ “Коммунальщик-Айдаркен” ачык типтеги акционердик коомунун жетекчиси А. Ганиеванын жана Айдаркен шаардык мэриясынын маалыматын угуп, талкуулап чыгып, Айдаркен шаардык кеңеши кезексиз 10-сессиянын №10-протоколунун негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айдаркен шаарына муниципалдык базар ачуу үчүн райондук ɵнүктүрүү фондунан экономикалык долбоорго 5 000 000 (беш миллион) сом ɵлчɵмүндɵ Финансы кредиттик фондунан насыя алууга макулдук берилсин.
2. Райондук ɵнүктүрүү фондунан экономикалык долбоорго Финансы кредиттик фондунан насыя алуу үчүн “Коммунальщик-Айдаркен” ачык типтеги акционердик коомунун имараты мыйзам чегинде күрɵɵ катары коюууга уруксат берилсин.
3. Токтомдун аткарылышын кɵзɵмɵлдɵɵ жагы “Бюджет, экономика, каржы жана фискалдык саясат” маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жана Айдаркен шаарынын мэри Б.Т. Бегалиевге жүктɵлсүн.
4.Токтомду каттоодон өткөрүү жагы областык Юстиция башкармалыгынан суралсын.
Төрага | А.А. Алтымышова |