ИСХАК-ПОЛОТХАН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Исхак-Полотхан айыл аймагынын айылдык кеңешинин сегизинчи чакырылыш кезектеги 7- сессиясы
2025-жылдын 1-августу №40
Исхак-Полотхан айыл өкмөтүнүн отчётун бекитүү жөнүндө.
Исхак-Полотхан айыл аймагынын айылдык кеңешинин сегизинчи чакырылыш кезектеги жетинчи сессиясына сунушталган Исхак-Полотхан айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 1-жарым жылдыгында айыл аймагынын социалдык- экономикалык өнүгүү багытында аткарган иштери боюнча отчётун угуп, талкуулап чыгып, Исхак-Полотхан айылдык кеңеши токтом кылат:
- Исхак-Полотхан айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 1-жарым жылдыгында айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүү багытында аткарган иштери боюнча отчёту канаттандырарлык деп табылсын.
- Сессиянын жүрүшүндө айтылган сунуштар, сын пикирлер эске алынсын.
- Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана айылдык кеңештин регламентинин талаптарына ылайык, ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ченемдик укуктук актыларынын реестрине каттоо жагы, айылдык кеңештин жооптуу катчысы А.Араповага милдеттендирилсин.