Загрузка документа…
СУУ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 4-августу №98
Суу-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн алдындагы “ Кара-Булак-Тазалык” муниципалдык ишканасынын кызмат көрсөтүүлөрүнүн төлөм акыларын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын ”Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 Мыйзамынын 34-беренесинин 11- пункутуна ылайык, Суу-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 31-июлундагы №03-04/652 сандуу кайрылуу катынын негизинде, ”Кара-Булак-Тазалык” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Нишанбай уулу Уланбектин билдирүүсүн угуп, талкуулап Суу-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. “Кара-Булак-Тазалык” муниципалдык ишканасынын кызмат көрсөтүүлөрүнүн төлөм акылары тиркемеге ылайык бекитилсин.(тиркеме тиркелет)
2. “Кара-Булак-Тазалык” муниципалдык ишканасынын кызмат көрсөтүүлөрүнүн төлөм акыларын тиркемеге ылайык жыйноо жагы ”Кара-Булак-Тазалык” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Нишанбай уулу Уланбекке тапшырылсын.
3. Токтом каттоодон өткөрүлүп, suu-bashy.gov.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Төрага | К. Шакиров |
Тиркеме
Суу-Башы айыл аймагынын айылдык
кеңешинин VIII чакырылышынын
кезексиз XI сессиясынын
№98 токтомуна тиркеме
Суу-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн алдындагы “Кара-Булак-Тазалык” муниципалдык ишканасынын коммуналдык кызматтарынын төлөмдөрү.
Баалардын көрсөткүчү.
№ | Кызматтардын аталышы | Бирдиктүү өлчөм | Айына | Суммасы (сом) |
1 | Калкка
| кожолук | 1айга | 100 |
2 | Бюджеттик мекемелерге | 1м2(имарат) | 1айга | 10
|
3 | Өндүрүштүк мекемелерге | 1м2(имарат) | 1айга | 10
|
4 | Коммерциялык түйүндөргө жана уюмдарга | 1м2(имарат) | 1айга | 10 |
Жооптуу катчы: Р.Нурматова