Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН XI СЕССИЯСЫ
(VI ЧАКЫРЫЛЫШ)
2025-жылдын 03-июлу № 55
Ош шаарынын муниципалдык менчигиндеги автоунааны мамлекеттик менчикке өткөрүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамынын 10-беренесине ылайык, Ош шаарынын мэриясынын Ош шаарынын муниципалдык менчигиндеги Шевроле Тракер Лтз 02KG207AF мамлекеттик номердеги автоунаасын мамлекеттик менчикке өткөрүп берүү боюнча сунушун карап, Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2025-жылдын 17-июнундагы №32 чечимин эске алып, Ош шаардык Кеңеши токтом кылат:
1.Ош шаарынын муниципалдык менчигиндеги Шевроле Тракер Лтз 02KG207AF мамлекеттик номердеги автоунаасын мамлекеттик менчикке өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.
2.Токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын жана жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.
3.Токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Бакир уулу Ш.) жүктөлсүн).
Төрага: |
| Б.Т. Баетов |