Загрузка документа…
ТӨРТ-ГҮЛ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылы 29-июлу № 37
2025-жылдын I жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча айыл аймагындагы иштердин жалпы абалы тууралуу
2025-жылдын алты айынын жыйынтыгы боюнча айыл аймагындагы иштердин жалпы абалы, жергиликтүү бюджеттин аткарылышы, аймактын социалдык-экономикалык өнүгүү программасынын жана калкты социалдык жактан коргоо боюнча программалардын аткарылышы тууралуу айыл өкмөт башчысы А. Эркебаевдин берген маалыматын угуп, Төрт-Гүл айылдык кеңеши төмөнкүдөй токтом кылат:
1. Айыл өкмөт башчысы А.Эркебаевдин 2025-жылдын I жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча маалыматы каанааттандырарлык деп табылсын.
2. 2025-жылдын жергиликтүү бюджетинин аппарат бөлүмүнүн 2215 (дагы башка кызмат көрсөтүүлөр) бересинен 33600 сом, 2212 (байланыш кызматын көрсөтүү) беренесине жылдырылып берилсин.
3. Аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө багытталган иш-чаралардын өз мөөнөтүндө жана сапаттуу аткарылышын камсыз кылуу айыл өкмөтүнүн тиешелүү кызмат адамдарына жүктөлсүн.
4. Кирешелердин пландуу түрдө толук түшүшүн камсыз кылуу жана жергиликтүү бюжеттин киреше базасын кеңейтүү боюнча тиешелүү чаралар камтылсын.
5. Бул токтомдун аткарылышы боюнча көзөмөл жүргүзүү Төрт-Гүл айылдык кеңешинин экономика жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | Н.Артыков |