Загрузка документа…
ТӨРТ-ГҮЛ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылы 29-июлу № 39
"Мамлекеттик лизинг компаниясынан" айыл өкмөтүнүн башчысы үчүн кызматтык автоунаа алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-июлундагы №633 тескемесинин негизинде, Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн башчысы А. Эркебаевдин билдирүүсүн угуп, талкуулап, Төрт-Гүл айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы токтом кылат:
1. Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн ишмердүүлүгүн натыйжалуу жана ыкчам уюштуруу максатында, кызматтык авто унааны лизингге сатып алууга макулдук берилсин.
2. Автоунаа лизингге алуу Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына жана мамлекеттик сатып алуулар боюнча белгиленген тартипке ылайык жүргүзүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | Н.Артыков |