Редакцияот 29.07.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТӨРТ-ГҮЛ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ

ТОКТОМ

 

Төрт-Гүл айылдык кенешинин VIII-чакырылышынын кезектеги VIII-сессиясы

2025-жылы 29-июлу № 44

 Айыл чарба жерлерин мамлекеттик фондунун жерлерин ижара акысын өлчөмүн белгилөө жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 17-декабрындагы №309 токтомунун негизинде Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигине мөөнөтсүз пайдаланууга берилген жер аянттарына ижара акысы боюнча баштапкы баасын бекитип берүү жөнүндө айылдык кеңештин депутаты Динмухамед уулу Марлендин сунушун  угуп жана талкуулап Төрт-Гүл айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:

 

  1. Төрт-Гүл  айыл өкмөтүнүн айылдарындагы Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигине мөөнөтсүз пайдаланууга берилген  жер аянттарына ижара акысы боюнча баштапкы баасы төмөнкүдөй болуп бекитилсин.

Айдоо жер: 1га жер аянтына

·         Чоң-Талаа айылы            5000 сом

·         Чоң-Кара айылы            2100 сом

·         Зарташ айылы            6000 сом

·         Ак-Турпак айылы             24300 сом

·         Ак-Өтөк айылы 24300 сом

·         Чек айылы 5000 сом

·         Жаңы-Жер айылы             4000 сом

Көп жылдык бактар 1га жер аянтына

·         Чоң-Талаа айылы             5000 сом

·         Чоң-Кара айылы             1200 сом

·         Ак-Турпак айылы             5000 сом

·         Ак-Өтөк айылы 3000 сом

·         Чек айылы 5000 сом

·         Жаңы-Жер айылы             4000 сом

·         Өзү өздөштүрүүгө алган жер 1 га жер аянтына Төрт-Гүл айыл өкмөтү боюнча -3000 сом,  1га жер аянттан ашыкча жарандарга берилбесин.

·         Мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга бир жылдык мөөнөт менен 1,0га жер аянтына 2500 сом өлчөмдө белгиленсин.

  1. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн башчысы А.Эркебаевге милдеттендирилсин.

Төрага:

 Н.Артыков