Загрузка документа…
ТӨРТ-ГҮЛ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылы 29-июлу № 44
Ак-Турпак айылындагы Достук суу насосун Баткен облустук суу чарба башкармалыгына өткөрүү жөнүндө
Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн башчысы А.Эркебаевдин 2025-жылдын 25-июлундагы №23 сандуу катында Ак-Турпак айылындагы Достук суу насосун Баткен облустук суу чарба башкармалыгына өткөрүп берүүгө макулдук сураган билдирүүсүн айылдык кеңешинин сессиясында угуп, талкуулап Төрт-Гүл айыл аймагынын VIII чакырылышынын VIII сессиясы токтом кылат:
1. Ак-Турпак айылындагы суу насостук станция жана күн чыгыш тарабынан 1,0га жер аянты менен убактылуу Баткен облустук суу чарба башкармалыгына өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Баткен облустук суу чарба башкармалыгы төмөнкү калк жашаган айылдарды жумасына 3 (үч) күн (24 саат) таза суу менен камсыздоо милдетин өзүнө алсын.
Чоң-Талаа айылы, Чоң-Кара айылындагы застава,Дөбө айылы.
3. Таза суу менен камсыз кылууда жугуштуу оорулардын алдын алуу жана калктын саламаттыгын коргоо максатында, тиешелүү иш чараларды көрүү жагы Баткен облустук суу чарба башкармалыгынан суралсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөт башчысы А.Эркебаевге жүктөлсүн.
Төрага: | Н.Артыков |