Загрузка документа…
КЕМИН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2025-жылдын 24-апрели № 2-3-31
Жер мыйзамдарын жана «Жеке турак-жай куруу үчүн жер участокторуна акы төлөнүүчү мүлктүк укуктарды же ижарага берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө» типтүү жобонун аткарылышы боюнча мэриянын ишинин абалы жөнүндө
Мэриянын жер маселелери боюнча Т.Б. Сыдыков, башкы адисинин маалыматын карап чыгып, талкуулап,
Кемин шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жер мыйзамдарын жана «Жеке турак-жай куруу үчүн жер участокторуна акы төлөнүүчү менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө» типтүү жоболорду ишке ашыруу боюнча мэриянын ишинин абалы жөнүндө маалымат эске алынсын.
- турак жайлардын, соода түйүндөрүнүн, социалдык-маданий мекемелердин, көчөлөрдүн жана аянттардын санитардык абалын текшерүү боюнча санитардык-эпидемиологиялык кызматтын кызматкерлери менен рейддерди өткөрүлсүн;
- муниципалдык жерлерди пайдалануунун натыйжалуулугун мониторинг жүргүзүлсүн;
- тиешелүү мамлекеттик кызматтар менен бирдикте курулуш иштерин жүргүзүүчү юридикалык жана жеке жактардын курулуш документтеринин болушун, курулуп жаткан курулуштардын архитектуралык-санитардык ченемдердин жана өрт коопсуздугунун талаптарына ылайыктуулугун текшерилсин;
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кемин шаарынын мэри К. З. Абдывалиевге жүктөлсүн.
Төрага | Т. Кулназаров |