Загрузка документа…
КЕМИН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2025-жылдын 24-апрели № 3-3-31
«Кемин суу канал» ишканасынын 2024-жылдын жана 2025-жылдын биринчи кварталы Кемин шаарынын калкына, Кызыл-Октябрь айылына, Кашкелең айылына ичүүчү суу менен камсыз кылуунун абалы жана аткарылган иштер тууралуу»
Кемин суу канал ишканасынын 2024-жылдын жана 2025-жылдын биринчи кварталы ишмердүүлүгү тууралуу маалыматты карап, угуп жана талкуулады. Кемин шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Суу-Өмүр ЖӨБОнун 2024-жылдын жана 2025-жылдын биринчи кварталы аткарган иштери боюнча маалыматы эске алынсын.
- ичүүчү сууга тарифти көтөрүү мүмкүнчүлүгүнө анализ жүргүзүүлсун, накталай эмес төлөмдөргө өтүү (эсептөө системасы)
- квартал сайын финансылык талдоо жүргүзүүсүн, менчигинин түрүнө карабастан калктан, ишканалардан жана уюмдардан акча чогултууну күчөтүүлсүн;
- суу менен камсыздоо системаларындагы ичүүчү суунун үзгүлтүктөрүн жана агып кетүүлөрүн жоюу боюнча иштерди ыкчам жүргүзүүсүн;
- ооруларды алдын алуу жана экспертизалоо департаментинин сапаттуу ичүүчү суу менен камсыздоо боюнча бардык талаптарын аткарылып турсун;
- ичүүчү суу менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу үчүн ишкананын колдо болгон техникалык каражаттарын арналышы боюнча гана толук пайдалансын;
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кемин шаарынын мэри К. З. Абдывалиевге жүктөлсүн.
Төрага | Т. Кулназаров |