Загрузка документа…
КЕМИН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2025-жылдын 24-апрели № 4-3-31
“Кемин районун өнүктүрүү фонду аркылуу долбоорду ишке ашырууга макулдук берүү жөнүндө”
Кемин шаарынын мэри Абдувалиевдин К. З. Кемин районунун өнүктүрүү фонду аркылуу долбоорлорду ишке ашыруу зарылчылыгы тууралуу маалыматын угуп, Кемин райондук прокуратурасынын 21.04.2025-жылдагы № МР-25 каты менен таанышып, Кемин шаардык кеңешинин депутаттары талкуулап жана пикир алмашып, Кемин шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кемин райондук өнүктүрүү фонду аркылуу 2 801 061 сомго «Прокуратура кызматкерлеринин кызматтык турак жайынын фасадын жылуулоо жана тиричилик техникасын сатып алуу» долбоорун ишке ашырууга макулдук берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кемин шаарынын мэри К. З. Абдывалиевге жүктөлсүн.
Төрага | Т. Кулназаров |