Загрузка документа…
КЕМИН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2025-жылдын 24-апрели № 6-3-31
Кемин шаарынын мэриясы тарабынан жергиликтүү демилгелерди тандап алуу жана каржылоо тартиби жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу
Жергиликтүү демилгелерди каржылоо жолу менен жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүн, алардын бирикмелерин, башка жеке жана юридикалык жактарды жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө жигердүү катышууга шыктандыруу максатында:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кемин шаарынын мэриясы тарабынан жергиликтүү демилгелерди тандап алуу жана каржылоо тартиби жөнүндө Жобо 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Ушул токтом каттоого алынып, Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жиберилсин.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып 15 күндүн ичинде күчүнө кирет (же токтомдо башка мөөнөттү көрсөтсө болот, мисалы, "расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин").
4. Ушул токтомдун аткарылышына көзөмөлдү Кемин шаарынын мэри Абдывалиев К.З. жүргүзсүн.
Төрага | Т. Кулназаров |