Загрузка документа…
ОРОЗБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Орозбеков айылдык кеңешинин кезектеги сегизинчи сессиясы
2025-жылдын 1-августу № 32
Орозбеков айыл аймагынын 2025-жылга карата бекитилген аймакты социалдык – экономикалык жактан өнүктүрүү программасынын биринчи жарым жылдыкта аткарылышы боюнча айыл өкмөт башчысынын отчету жөнүндө.
Күн тартибиндеги маселени карап чыгып жана талкуулап, айыл өкмөт башчысы З. Жарматовдун баяндамасын угуп, Бюджеттик Кодекстин 78-беренесинин 1-пунктуна, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин 6-пунктуна негиз Орозбеков айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Орозбеков айыл өкмөт башчысынын айыл аймагынын 2025-жылга карата бекитилген аймакты социалдык – экономикалык жактан өнүктүрүү программасынын биринчи жарым жылдыкта аткарылышы боюнча берген отчету жакшы деп табылсын.
2. Орозбеков айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлеринин 2025-жылдын биринчи жарым жылдыгында аткарган иштери боюнча берген маалыматтары көнүлгө алынсын.
3. Аймактын социалдык-экономикалык абалын жакшыртуу, биринчи жарым жылдыкта аткарылбай калган иш-чаралар жана экинчи жарым жылдыкта белгиленген иш-чаралар планын толук аткаруу боюнча тиешелүү чараларды көрүү жагы айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин төрагасынын орун басарларына жүктөлсүн.
Төрага | К.Каримов |