Загрузка документа…
ОРОЗБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Орозбеков айылдык кеңешинин кезектеги сегизинчи сессиясы
2025-жылдын 1-августу № 33
Орозбеков айыл өкмөтүнүн 2025-жылга карата бекитилген бюджетинин биринчи жарым жылдыкта аткарылышы жөнүндө.
Күн тартибиндеги маселени карап чыгып жана талкуулап, айыл өкмөт башчысы З. Жарматовдун баяндамасын угуп, Бюджеттик кодекстин 78-беренесинин 4-пунктуна, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин 2-пунктуна негиз Орозбеков айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Орозбеков айыл өкмөтүнүн 2025-жылга карата бекитилген бюджетинин биринчи жарым жылдыкта аткарылышы боюнча маалыматы көңүлгө алынсын.
1. Биринчи жарым жылдыкта кетирилиген кемчиликтер эске алынып, экинчи жарым жылдыкта бюджеттин киреше бөлүгүн толтуруу жана чыгаша бөлүгүн натыйжалуу пайдалануу, бюджеттин ачык-айкындуулугун камсыздоо менен 2025-жылга бекитилген бюджетти толук аткаруу жагы айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнө жана айылдык кеңештин бюджет жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | К.Каримов |