Загрузка документа…
ОРОЗБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Орозбеков айылдык кеңешинин кезектеги сегизинчи сессиясы
2025-жылдын 1-августу № 34
Орозбеков айыл аймагынын «Ардактуу атуулу» наамын
ыйгаруу жөнүндө Жобону бекиүү жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени карап чыгып жана талкуулап, 2017-жылдын 28-июлундагы № 157 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары жана ардак наамдары жөнүндө” Мыйзамына негиз Орозбеков айылдык кенешинин сессиясы токтом кылат:
Төрага | К.Каримов |
Орозбеков айылдык кеңешинин
01 .08.2025-жылдагы кезектеги сегизинчи сессиясынын
№34 токтому менен бекитилди.
Орозбеков айыл аймагынын «Ардактуу атуулу» наамын ыйгаруунун тартиби жөнүндө
Жобо
1. Жалпы түшүндүрмө
1.2. «Ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу демилгесине жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдары, айыл аймагындагы мекеме ишканалардын эмгек жамааты, республикалык коомдук саясий уюмдар жана облустук, райондук мамлекеттик администрация, көчөнүн жашоочулары, жеке менчик ишканалардын жамааттары ээ болот;
1.3. «Ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу жөнүндөгү сунуштарды айыл өкмөтү кабыл алып, арыздарды Жобонун талаптарына ылайык карап чыгып, тиешелүү иш-кагаздарын топтоп, өзүнүн сунушу менен айылдык кеңешке жөнөтөт;
1.4. “Ардактуу атуулу” наамына талапкерлердин документтери айылдык кеңештин сессиясында депутаттардын кароосуна коюулуп, жалпы депутаттардын көпчүлүгүнүн добушуна ээ болгон инсандардын талапкерлиги колдоого алынды деп эсептелет жана чечим токтом түрүндө чыгарылат;
1.5. Орозбеков айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамы бир жылда 7 адамга гана ыйгарылат.
1.6. Орозбеков айыл аймагынын «Ардактуу атуулу» наамы өзгөчө учурларда жергиликтүү кеңештин чечими менен 9 дан ашпаган инсандарга ыйгарылышы мүмкүн.
II. Орозбеков айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу үчүн негизги талаптар:
2 .1 Орозбеков айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүшүнө көп жылдар бою жигердүү салым кошуп, айыл өкмөтүнүн ар кандай тармактарында эмгектенген инсандарга;
2.2 Орозбековайыл аймагынын өсүп-өнүгүшү үчүн, элдин жашоо-шартын жакшыртууда өзгөчөлөнгөн ийгиликтерге жетишкен айылдык кеңешинин депутаттарына;
2.3 Орозбеков айыл аймагына инвестицияларды алып келип, жогорку деңгээлде курулуштарды курган бизнес адамдарына, чет элдик жарандарга;
2.4. Орозбеков айыл аймагындагы маданий-тарыхый мурастарды элге жайылтууга салым кошкондорго.
III. Айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” төш белги наамын ыйгаруунун тартиби
3.1 Орозбеков айыл аймагынын «Ардактуу атуулу» лентасын жана күбөлүгүн даярдоо үчүн кеткен чыгымдар жергиликтүү бюджеттин эсебинен жүргүзүлөт.
3.2 «Ардактуу атуулу» наамы жалпы жыйналыштарда, 31-август Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө карата ,Орозбеков айылдык кеңешинин чечими чыккандан кийин тапшырылат.
3.3 «Ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу маселесин кароодо төмөндөгү иш кагаздар талап кылынат:
Эгерде «Ардактуу атуулу» наамына талапкер жеке жарандар, коомдук уюмдар тарабынан сунушталган болсо:
· Талапкер боюнча ошол айылда, көчөдө жашоочулар менен өткөрүлгөн чогулуштун жыйынтык протоколу же токтому;
· Чогулушка 18 жаштан жогорку жашаган адамдар катышып, катышуучулардын жалпы санынын көпчүлүгүнүн макулдук берүүсү;
· Коомдук (саясий) уюмдардын сунушу, аткарган иштеринин натыйжалары тууралуу кеңири маалыматты камтуу менен;
· Өздүк баракчасы сүрөтү менен, өмүр баяны, эмгек китепчесинин, паспортунун көчүрмөсү;
· Мамлекеттик жогорку сыйлыктардын көчүрмөлөрү (грамота, орден, медаль, ардактуу наам ж.б). Эгерде «Ардактуу атуулу» наамына талапкер мекеме, ишканалар тарабынан сунушталган болсо:
· Эмгек жамаатынын жалпы чогулушунун токтому;
· Өмүр баяны, мүнөздөмө, сунуш;
· “Ардактуу атуулу” наамы берилүүчү адамдын айыл аймакка , анын элге сиңирген эмгектери, алган сыйлыктарынын көчүрмөлөрү;
· Өздүк баракчасы сүрөтү менен;
· Эмгек китепчесинин көчүрмөсү;
· Паспортунун көчүрмөсү.