Загрузка документа…
ОРОЗБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Орозбеков айылдык кеңешинин кезектеги сегизинчи сессиясы
2025-жылдын 1-августу № 36
Айыл аймактагы социалдык мекемелердин алдына ылдамдыкты азайтуучу дөңсөлөрдү орнотууга макулдук берүү жөнүндө.
Күн тартибиндеги маселени карап чыгып жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 27-беренесинин 10-пунктуна, Орозбеков айыл өкмөтүнүн 21.07.2025-жылдагы чыгыш №01-05/1238 сандуу катына жана айылдык кеңештин жер жана муниципалдык менчикти башкаруу боюнча туруктуу комиссиясынын чечимине негиз Орозбеков айылдык кенешинин сессиясы токтом кылат:
1. Орозбеков айыл аймагындагы социалдык объектилердин (мектептер, бала бакчалар, оорукана, клуб жана башкалар) алдындагы автомобиль жолдоруна ылдамдыкты азайтуучу дөңсөлөрдү орнотууга макулдук берилсин.
2. Техникалык талаптарга ылайык дөңсөлөрдү орнотуу иштерин тиешелүү мамлекеттик органдар менен макулдашып ишке ашыруу жагы айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин жер жана муниципалдык менчикти башкаруу, этика, мыйзамдуулук жана адам укуктарын коргоо боюнча туруктуу комиссияларына жана айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
Төрага | К.Каримов |